UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасында Кыргызстанга келип, Көк-Бөрү оюнун көргүсү келгенин билдирди. Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмираттарында.
“Мен кооз Кыргызстан менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Ошондой эле, Көк-Бөрү оюнун дагы көрүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн”, – деп жазган Хавьер Мендез кыргыз ишкери менен жолугушуудан кийин.
UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө “Жакында Кыргызстанга барам” деп жазган.
Эске салсак, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга Улуттук Олимпиада комитетинин башчысынын чакыруусу менен келген. Анда ал Кыргызстанда ушунчалык атактуу экенине таң калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ