Menu

Дональд Трамптын кланы түрмөгө камалабы? Иванка менен Джаред Кушнер эмнеге чочулай башташты

Бөлүшүү:

Трамптын үй-бүлөсү абакка камалабы? Дональд Трамп шайлоодо жеңилип калса, анын камакка алынышы боюнча сценарийлер АКШда көп жылдардан бери талкууланып келген. Президенттин өзүн-өзү ыйгарым берүү жөнүндө укуктук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө акыркы суроолору ушактарды гана күчөттү», – деп жазат Германиянын Focus журналы.

Дональд Трамп түрмөгө отурушу керек болгон сценарийлерди айрым эксперттер ишеничтүү деп эсептешет. Йел университетинин белгилүү тарыхчысы Тимоти Снайдер жакында телекөрсөтүүдө: “Дональд Трампты абактан – же кыйроодон президенттик гана сактап турат”, – деп билдирди.

“Ошол эле учурда, америкалык маалымат каражаттары Трамптын үч баласы камалышы мүмкүн деген божомолдорду улам-улам көбөйтүп жатышат. Иванка (кызы), Дональд-кичүү жана Эрик The Trump Organization менен көп жылдардан бери атасы сыяктуу жакын болуп келишкен жана көптөгөн эксперттердин айтымында алар уюмдун ичиндеги мүмкүн болгон каржы жана салык кылмыштары үчүн жооп беришет”, – деп айтылат макалада.

Иванка Трамптын үй-бүлөлүк фондунда эң көп катышкандыгы белгилүү. Анын атасы ага “консультация акысын” 750 миң долларды да которгон. Бул төлөмдөр Трамптын салыктардан качуу үчүн компаниянын чыгымдарын эсептен чыгаруу аракети болгон деген шекти Нью-Йорктун прокурорлору эми текшерүүгө ниеттенүүдө.

Ушул тапта Трамптын үй-бүлөсүнүн мүмкүн болгон кылмыштуу операциялары боюнча ондон ашык тергөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы жылдары чет элдик демөөрчүлөргө, тактап айтканда Deutsche Bankка 300 миллион доллардан ашык суммадагы карыздарды төлөө мөөнөтү келет. Мындан тышкары, Financial Times гезити кыймылсыз мүлккө байланыштуу 900 долларга жакын карызы жөнүндө жана Forbes журналы – АКШнын салык органдарына болгон миллиондогон карыздар жөнүндө билдирет. Ошондой эле буга Трамптын гольф-клубдарына жана мейманкана компанияларындагы пандемияга байланыштуу олуттуу финансылык чыгымдарды кошулат.

Өткөн жылы гана өкмөттүн этика боюнча комитети Иванкага жана анын бир туугандарына “Кайрымдуулук уюмдарынын милдеттери” деген темада тренингден өтүүгө милдеттендирген. Ал кезде президенттин адамдын боюнан узун баасы 20000 долларга бааланган портретин сатып алганы белгилүү болуп, элдин кыжырына тийген. Ал портрет Trump Organization уюмунун кайрымдуулукка багытталган каражаттан сатылып алынган. Ошол кезде этика боюнча комитет кайрымдуулукга бөлүнгөн акча каражаты жеке кызыкчылыкка колдонулбай турганын айткан.

Иванканын күйөөсү Джареддин кыймылсыз мүлк сатуудан миллиардаган киреше тапкан атасы Чарльз Кушнер 2004-жылы күнөөсүн мойнуна алып, 14 ай түрмөдө отурган. Анын кылмыштары: салык алдамчылыгы, саясий партияга мыйзамсыз кайрымдуулук жана күбөлөрдү манипуляциялоо боюнча чуулгандуу аракеттер. Кушнер өзүнүн карындашынын күйөөсүн азгыруу үчүн сойку жалдаганын мойнуна алган. Ал видеотасманы колдонуп, карындашын шантаж кылып, ага каршы көрсөтмө бербөөгө мажбур кылган.

“Трамптын балдары көп жылдар бою колунан келгендин бардыгына кол коюп келишкен, эми бул аларды өлтүрүп салышы мүмкүн”, – деди жакында Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн берген маегинде. Ал Трамп өзүн куткаруу үчүн баарын жасайт деп ишенет.

“Биринчиден, ал Эрикти таштайт, андан кийин Доналдды. Керек болсо сүйүктүү кызы Иванканы дагы курмандыкка чалат. Мага ишен, мен Дональдды жакшы билем” – деди ал Focus журналынын журналистине.

Булак: Focus

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: