26-марттан 27-мартка караган түнү, коменданттык сааттын экинчи күнүндө Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 11 кылмыш катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта брифингде комендант Жеңишбек Жоробеков билдирди.
“11 кылмыштын арасынан белгилеп кетчү 1 кылмыш бар. Бул WhatsApp аркылуу жалган маалымат таратуу. Тастыкталбаган маалыматты тараткан жаран аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат” – деп билдирди Жеңишбек Жоробеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ