Menu

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев АРИС уюмунун областтагы регионалдык координатору Сапарбек Токоев менен жолугушту

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев АРИС уюмунун областтагы регионалдык координатору Сапарбек Токоев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Өкмөттүн Жалал-Абаддагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, анда аталган уюмдун колдоосу менен облус аймагында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү боюнча маалымат берилип, алдыдагы пландар талкууланган.

Өкүл өз сөзүндө элдин социалдык муктаждыктарын камсыздоо менен биргеликте иш алып барууга кызыктар экенин билдирип, облустук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн кошумчалаган.

“Уюм жалпы төрт багытта иш алып барат. Алар мал чарбачылыгын өнүктүрүү, социалдык объектилердин курулушу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана таза суу долбоору. 2016-2020-жылдар аралыгында областка жалпы 900 миллион сомго жакын инвестиция тартылган. Аны менен катар АРИСтин көмөгүндө ири эл аралык “CASA-1000 “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” программасы аркылуу облустун 19 айылында жумуштар башталды. Ал ишке ашса 2022-жылдан тарта Кыргызстан жана Таджикистан, Афганистан менен Пакистанга жыл сайын 1300 кВт электр энергиясын экспорттоп, аба чубалгылары өтүүчү аймактардын социалдык-экономикалык дараметин арттырууга да басым жасалат”,- деп айтылат билдирүүдө.

АРИС уюму ишке ашырып жаткан долбоорлор Бүткүл дүйнөлүк, Ислам өнүктүрүү, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, эл аралык донорлор тарабынан каржыланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: