Menu

Аймактык музыкалык мектептерге музыкалык аспаптар тапшырылды

Бөлүшүү:

П. Шубин атындагы Борбордук балдардын музыкалык мектебинде өлкөнүн аймактык музыкалык мектептерине музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тапшыруу аземи Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана Кытай Эл Республикасынын КРдагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусу менен өткөн. Аспаптар акысыз техникалык грант жөнүндө келишимдин негизинде берилип, мектептин жетекчилерине тапшырылган.

Министр Нуржигит Кадырбеков өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын КРдагы Элчилигине жана элчи Ду Дэвэн айымга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы маданий- гуманитардык байланыш эки өлкөнү мындан да жакындатаарын айтып, келечекте кызматташуунун жогорку деңгээлинде иш алып барып жаткандыгын кошумчалаган.

Ал эми, элчи Ду Дэвэнь айым, өз сөзүндө кытай тарап мындан ары маданий кызматташтык уланаарын айтып, дүйнө жүзүндө пандемия токтогон соң бир катар биргелешкен иш- чараларды өткөрөөрүн билдирген.

Эске салсак, аймактарга бөлүнгөн аспаптардын жалпы суммасы жалпы 2 млн. 407 миң сомду түзгөн. Алар, пианин, аккардеон, кларнет, флейта, труба, прима кыяк, виолончель, скрипка, саксафон жана гитаралардан турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: