Menu

Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла өнүктү

Бөлүшүү:

«Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла алдыга өнүктү», — деп билдирди бүгүн, 2018-жылдын 10-сентябрында Варшава шаарында ЕККУнун  адамдык ченемдер боюнча кеңешмесинде Кыргызстан делегациясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карыбаева. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мира Карыбаева учурда Кыргыз Республикасында парламенттик  демократияны өнүктүрүү процесси жүрүп, улуттук мыйзамдар өркүндөтүлүп, эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирилип, сот жана укук коргоо системасынын реформасы ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин ырааттуу аткарып, ЕККУнун адам укуктарын коргоону жакшыртууга багытталган  демилгелерин мындан ары дагы колдоорун баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы 10-сентябрдан 21-сентябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан ЕККУнун адамдык ченемдер боюнча кеңешмесине катышып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: