Милициянын кайгуул кызматкерлери мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 08:30 чамасында Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өзүн туура эмес абалда алып жүргөн белгисиз жаранды байкашып, аны текшерүүгө алышкан. Кызматкерлер тарабынан текшерүү учурунда 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча жана анын 6 патронун мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаранды Свердлов райондук ИИБне өткөрүп беришкен.
Азыркы учурда Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ