Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери декларацияланбаган 2900000 сомдук товарды кармашты. Бул тууралуу бгн, 1-декабрда КР бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери үчүнчү өлкөдөн келген автоунаага тыкыр кароо жүргүзүшкөн учурда декларацияланбаган, товар коштоп жүрүүчү документтери жок жалпы салмагы 20000 кг., болгон 800 кап “полимер гранулаларды” табышкан, Кармалган товардын жалпы наркы 2900000 сомду түзгөн.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ