Чыңгыз Молдокеевди ушул жылдын 26-майына караган түнү УКМКнын кызматкери Чыңгыз Айманбаев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев ур-токмокко алышкан. Алар кичинекей балдары күндүз көчөдө уруша кетишкендиктен кол салышкан. Бул тууралуу Чыңгыз Молдокеев өзү журналисттерге билдирди.
Белгилей кетсек, ошол учурда кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Ленин РИИБде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милициянын айтымында, иштин материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана алар эч нерсе боюнча комментарий бере алышпайт.
Молдокеев өзү бул иш боюнча тергөө иштери дагы деле уланып жаткандыгын, мунун баары качан бүтөөрүн билбей тургандыгын айтты. Ал тергөө иштери жасалма жол менен сүйрөлүп жатканына ишенет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ