Menu

ИИМ: Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору сексуалдык зомбулукту алдын алуу боюнча окуудан өтүшүүдө

Бөлүшүү:

КРнын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жарандар менен жакын мамиледе болуу, калктын көйгөйлөрүн жакындан билүү менен ага ыкчам аракеттерди көрүү, жер-жерлерде профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтүү боюнча талаптарын аткаруу максатында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлерине семинарларды, тренингдерди тынымсыз өткөрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагылардын негизинде, аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк компаниянын алкагында КРнын Ички иштер министрлиги “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фонду менен биргеликте жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын кызматкерлерине балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча теренингди өткөрүүдө.

Маалыматка караганда, жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулуктун алдын алуу боюнча тренингге Бишкек шаарынан ИИОнун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын 100 инспектору катышкан.

Бул масштабдуу иш-чара 25-ноябрь-аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү болуп саналгандыктан бул күндөн баштап “Зомбулуксуз жашоо” кеңири иш-чарасы уюштурулуп, ал 10-декабрь- Адамдардын укугун коргоо күнүндө жыйынтыкталмакчы.

Окутуунун программасынын ичине сексуалдык зомбулуктун көйгөйлөрү түшүнүгүн тереңдетип изилдөө, балдарга карата жасалган сексуалдык кыянатчылыктын түрлөрү, андан сырткары, сексуалдык зомбулукка байланышкан стреотиптер менен ой-ажырымдарды изилдөө кирген.

Иш-чара учурунда сексуалдык зомбулукту алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн милиционерлер жардам көрсөтүү учурунда аракеттердин алгоритмин билүү, жабыр тарткан балдар менен менен баарлашууда гендердик-сезимталдык ыкмаларды колдонуу белгилерин билиши керектиги баса белгиленген.

Тренингдерди КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Нуржан Адылова менен “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фондунун өкүлдөрү өткөрүүдө.

Гендердин түрлөрү жана формалары, үй-бүлөөлүк зомбулук, эрте турмуш курууну алдын алуу жана болтурбоо, ала качуу, жогорудагы процесстерди жөнгө салган мыйзамдардын нормалары, мыйзамдарды бузгандарга карата каралган кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө кенен маалымат беришкен.

Иш-чарага катышкан жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунун арасында коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо үчүн тренинг учурунда бардык жеке коргоонуучу каражаттар менен камсыздалып турган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: