КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын караоке-барда сыра ичип, эс алган видеотасмасы боюнча өз ой-пикирин Инстаграм баракчасында билдирди.
Карыпбековдун айтымында, ал Клара Сооронкулованын бул кылыгын колдойт.
“Бул КРнын Президенттигине талапкер Клара Сооронкулованын укук коргоочу Динара Ошурахунова жана менин оюмча, жарандык активист Айнура Чолпонкулованын жашыруун кадрлары. Алар сыра ичишип жана караоке ырдашат.
Дээрлик баардыгы сыра ичишет, караоке ырдашат. Адамдын укугу бар жана ал эс алууга тийиш, айрыкча өлкөдө болуп жаткан кырдаалдан кийин. Мен сыраны көп ичем, бул ишти жакшы көрөм жана караокени колумдан келишинче ырдайм. Ошондуктан мен Клара Сооронкулова менен толук макулмун.
Мен мен деген эркек сөрөйлөрүбүз оозу менен өгүз, ишке келгенде шымын булгап коюп атат го? Аларга караганда Клара Сооронкулова он эсе эркек болуп туруп берип жатат го? Кичине эркектик колубуздан келбей жатса, жок дегенде эркекче иш кылып жаткан аял кишибизди сыйлап койбойлубу?
Клара эже, азаматсыз! Карманыңыз жана көңүл бурбаңыз. Сиздин ушул өлкөдө бар экениңизге кубанычтамын“, – деди Илим Карыпбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ