Menu

“Мегакомдон” “кулактары” чыгууда…

Бөлүшүү:

Бир жумадан бери Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Өмүрбек Текебаевдердин мамлекеттик “Мегаком” компаниясында үлүшү бар экенин, жыл сайын миллиондогон каражат пайда көрүшөөрүн КТРК баштап бир катар маалымат булактары жазып-айтып түгөтө албай жатышат. Алсак, Шыкмаматовдун “Мегакомдо” 7 пайыздык үлүшү бардыгын жылына андан 23 миллион сомдон ашык киреше алаары, Салянова дагы 7 пайыздык үлүшкө ээлик кылып, ал дагы 23 миллиондон ашык акча алаары, Текебаев 8 пайыздык үлүш менен 25 миллион сомдон ашык каражат жеке эсебине түшүп тураары боюнча маалыматтар байма-бай чыгууда. Бул маалыматтарды аты аталгандар жалганга чыгарып, каралоо катары түшүндүрүшүүдө. Бирок “жел болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын” демекчи, бул жерде бир сыр бардай. Албетте, акцияны Текебаевдер өздөрүнүн атына каттатып койбосу бештен белгилүү иш. Андыктан далилдөө кыйынга тураары турган иш. Ошентсе да мынчалык сөз болуп жаткандан кийин илинчек жок эмес көрүнөт. Эми муну тиешелүү укук коргоо органдары тыкыр иликтеп, ак-карасын ажыратышы керек.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: