Кемин районунда 15 жаштагы өспүрүм кокустан өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм мылтыкты тоодон таап, гаражга катып койгон. Андан кийин ал мылтыкты текшерүүнү чечип, кокустан башына атып алган.
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы 2020-жылдын 13-декабрында Кемин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айылында жашаган жашы жете элек өспүрүмгө ок атуу фактысы боюнча билдирүү түшкөнүн билдирди.
Анда 2020-жылы 13-декабрда саат 09:30 чамасында 2005-жылы туулган өспүрүм гараждан курал алып, кокустан өзүн-өзү атып алгандыгы аныкталды. Ал ооруканага жаткырылган.
Жабырлануучунун атасы эки күн мурун уулу жайлоодон тапанча тапкан деп түшүндүргөн. Атасы мылтыкты гараждын ичине катып койгонун, буга чейин бардык окторун алып салганын айткан.
Ыкчам кызматкерлердин айтымында, өспүрүм мылтыкты кокустан аткан. Анын абалы оор, ооруканада жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ