Быйыл 1-декабрдан баштап Өзбекстандын бардык мамлекеттик органдарына жана уюмдарына, мындан тышкары облус башчыларына, депутаттарга жумасына кур дегенде бир жолу жумушка автоунаасыз келип, башкаларга “өрнөк” көрсөтүү сунушталды.
Тиешелүү токтомду өзбек өкмөтү кабыл алды.
2021-жылдан баштап республикада 22-сентябрь “Автоунаасыз күн” деп жарыяланды.
2021-жылдын 1-апрелинен тарта кичирайондордо, айылдарда, райондордо, шаарларда жөө жана велосипед менен сейилдөө үчүн “Ден соолук жолдору” түзүлөт.
Өкмөттүн бул токтому быйыл октябрда Өзбек президенти кол койгон “Сергек жашоо образын жана массалык спортту андан ары өнүктүрүүнү кеңири жайылтуу чаралары жөнүндөгү” жарлыгына негизделген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ