Эгемендүүлүк алгандан тартып, Мамлекетибиздин байлыгын тоноп, уурдап, карызга батырып, жыргап жүргөн коррупционерлерди, Жараткан өзү жазаласын. Мындай пикирин бүгүн, 4-декабрда шоумен Эрмек Нурбаев Инстаграм баракчасында билдирди.
“Эгемендүүлүк алгандан тартып, Мамлекетибиздин байлыгын тоноп, уурдап, карызга батырып, жыргап жүргөн коррупционерлерди, Жараткан өзү жазаласын!
Ошолордун айынан, көпчүлүк уул-кыздарыбыз чет жакта талаалап, иштеп жүрүшөт.
Алдыда дагы уурдайт элем, кызмат, креслого отурсам “мутить” этет элем дегендерди “ташбараңга” алып, экинчи бир да кызматка жолотпогондой кылсак жакшы болоор беле.
Кыргызстан – таза Мамлекет!
Коррупция менен эч качан өнүгө албайбыз!
Ууруларга жол жок“, – деп билдирүү жазган Эрмек Нурбаев.
Белгилей кетсек, учурда Эрмек Нурбаев Америкада жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ