Бүгүн, 4-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 440 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 109, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 162, Ош облусунан – 24, Талас облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 37, Жалал-Абад облусунан – 39, Баткен облусунан – 25, Нарын облусунан – 14 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 74 373 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 524 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 66 113кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 132, Ош шаарынан – 35, Чүй облусунан – 137, Ош облусунан – 33, Ысык-Көл облусунан – 69, Жалал-Абад облусунан – 49, Баткен облусунан – 52, Нарын облусунан – 8, Талас облусунан – 9.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 1, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1. Жалпы саны 1285ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ