Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов 30-ноябрга чейин мамлекеттин эсебине 2 миллиард сом котором дегенине карабастан, аны убагында жасай алган жок.
Жалпысынан анын атынан 646 миллион сом түшкөн. 20-октябрдан 30-ноябрга чейин ал 536,2 миллион долларды бир нече транш менен которгон.
4-декабрга карата Каржы министрлигинин эсеби толукталды. Муну журналисттерге департаменттен тастыктады.
Такталгандай, Райымбек Матраимовдон 688,7 миллион сом түшкөн. Ошентип, Матраимов учурда 2 миллиард сомдун 34,43% гана которгон. Эми дагы 1 миллиард 331,3 миллион сом которуусу зарыл.
Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ