“Бизде чынчыл милиция кызматкерлери өтө көп. Аларга карама-каршы айрым кызмат адамдары да бар, аларды мен дагы сыйлабайм, алар аз санда, бирок дал ошолор маанай жаратышат,” – деп билдирди генерал Өмүрбек Суваналиев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде.
“Мисалы, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук жок деп айткан министрдин орун басары кантип иштеп жүрөт? Анан дагы ага Сооронбай Жээнбеков отставкага кетер алдында “генерал” наамын берип жатат. Анын милицияда иштөөгө моралдык укугу жок”, – деди ал.
Белгилей кетсек, ИИМдин башчысынын орун басары Мирлан Каниметов пресс-конференцияда “Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок, бирок алардын лидерлери жана мүчөлөрүн оперативдүү иштерди жүргүзүү максатында каттоого алып турабыз” деп айткан.
“Бизде сөз эркиндиги бар. Эгерде кимдир бирөө өзүн кримтоптун мүчөсүмүн деп санаса, силер аны менен маек уюштура аласыңар. Бүгүнкү күндө ИИМ УКТнын лидерлерин жана мүчөлөрүн каттоого алып келет. Маалыматтар ички колдонуу үчүн жүргүзүлөт. Аны жыйноо биздин жарандардын укугун бузбайт”, – деген Каниметов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ