Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы Кең-Сай конушуна электр кубатын тартуу учурунда жумуштун көлөмүн жогорулатуу жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарын өз чөнтөгүнө салып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгы менен “Э” деп аталган ачык типтеги акционердик коому Кең-Сай конушун электр менен камсыз кылуу максатында баасы 200 миллион сомдук курулуш иштерин аткарууга келишим түзгөн.
Өз кезегинде, башкы подрядчы ААК “Э” аталган келишимдин негизинде “СТ ” ЖЧКсы менен субподряд келишимин түзүп, ага ылайык аталган ЖЧК жабдууларды жеткирүү жана жалпы курулуш иштерин жүргүзүү милдетин алат. Андан кийин “СТ ” ЖЧКсы 82,6 миллион сомго 2 трансформатор жеткирип берет. Бирок, бул трансформаторлордун иш жүзүндөгү баасы болжол менен 10 миллион сомду түзөт.
Ошентип, жеткирилген эки трансформатордун наркы дээрлик 8 эсе жогорулатылып, келтирилген зыяндын көлөмү 73,4 миллион сомго жетти.
“Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир сотко чейинки процесстин алкагында ушул сыяктуу факты боюнча «С.Т.» ЖЧКнын жетекчиси П.Т. кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилген” – деп айтылат маалыматта.
Учурда башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар же жоктугу аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ