3-декабрга караган түнү Бишкектеги ЦУМ “Айчүрөк” соода борборунун жанында массалык мушташ катталган. Бирок шаардык милиция бөлүмү журналисттерге эч кандай массалык мушташ болбогонун билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 15 адам кармалган. Сурак учурунда алар эч кандай мушташ болгон эмес деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле, оозеки кайым-айтышуу болгонун билдиришкен. Бирок өтүп бара жаткандардын бири милиция кызматкерлерин чакырган.
Ички иштер башкы башкармалыгы тастыктагандай, ошол ЦУМ “Айчүрөк” соода борборунун жанындагы окуянын катышуучуларынын бири-бирине дооматтары жок жана алар арыз жазуудан баш тарткан. Ушул себептен улам бул туурасында иш козголгон эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ