Menu

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-декабрда кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Ташкентте өткөн экинчи эл аралык марафондо марага биринчи келип, алтын медалга ээ болду.

Мария Коробицкая 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада чуркап өтүп, Олимпиада оюндарына лицензиялык нормативди (2 саат 29 мүнөт 30 секунд) аткарып, жолдомо утуп алды.

Белгилей кетсек, Мария Коробицкая Токио олимпиадасына жолдомо алган алтынчы спортчу болду. Буга чейин лицензияларды балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Дарья Маслова менен Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов утуп алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунда башталып, 8-августунда аяктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: