Сот Beeline Uzbekistan мобилдүү компаниясы абоненттерди «Кабардар бол» кызматына мыйзамсыз кошкон деп тапты. Эми компания абоненттерге мыйзамсыз алган акчаны кайтарып бере баштады. Бул тууралуу 7-декабрда Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул ишти тергөө 9 айга созулуп, жыйынтыгында ал керектөөчүлөрдүн пайдасына чечилген. Бүгүнкү күндө абоненттерге келтирилген зыяндын суммасы 20 млрд сумду (2 млн доллардын тегереги) түзөт. Компания каражатты абоненттердин жеке эсептерине которо баштады.
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо агенттиги билдиргендей, 2019-жылы компания абоненттерди «Кабардар бол» кызматына бекер кошуу жөнүндө промо-акция жарыялаган. Бирок кызматты бекер колдонуу мөөнөтү бүткөн соң, ал автоматтык түрдө өчүрүлгөн эмес. Абоненттер күнүгө 240 сум ($0,02) төлөп башташкан.
Бардыгы болуп бул промо-акцияга 3,2 млн абонент туташтырылган, алардын ичинен 1,2 млн абонент кызматты өз алдынча өчүргөн. 2020-жылдын май айына карата 1,3 млн абонентке бул кызмат көрсөтүлүп турган.
2020-жылы июлда агенттиктин атайын комиссиясы «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» берене бузулганын билдирип, Beeline Uzbekistan компаниясын сотко берген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ