“Түндүкэлектр” ААКнын мурунку башкы директору Доскул Бекмурзаев кызматтан алынышы боюнча сотко кайрылган. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Аламүдүн райондук соту Доскул Бекмурзаевдин кызматтан алынышын мыйзамсыз деп тапкан.
«Түндүк электрге» карат доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды. Сот ошондой эле компаниянын аны менен түзүлгөн эмгек келишимин бузуу жөнүндөгү буйругун мыйзамсыз деп таап, Доскул Бекмурзаевди башкы директорлук кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарды », – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 28-октябрда “Түндүк электр” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен Доскул Бекмурзаев акционердик коомдун башкы директору кызматынан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ