Menu

Бийлик эмне үчүн парламентке аттана турган партиясын ачыктабай турат?

Бөлүшүү:

“Парламентке аттана турган бийликтин партиясын саясый күчтөр күтүүдө. Бул өңүттө кандай жаңылыктардын болушу мүмкүн?” деп коомдук ишмерлерге суроо узаттык. Сереп кылган адамдарыбыздын жооптору бир кылка болбоду: бирөө алыстан сөздү баштаса, бирөөсү эртеңки күн кандай болуп кетерин, саясат айдыңы кайсы багытта өзгөрөрүн бүдөмүк калтырды…

Болуш Сриев, “Луч Лотос” кайрымдуулук фондунун президенти:

– Менин талдоом боюнча, бир жылдын ичинде бийлик менен макулдашуу жана пикир алмашуу үгүтүндө “Улуу Журт” аттуу саясый партия түзүлгөн. Бул партиянын колдоочусу – Медеткан Шеримкулов. Акыркы маалыматтар боюнча 2019-жылдын 26-августунда Бишкек шаарында партиянын кезектеги съезди өткөрүлүп, анын төрагасы жана лидери болуп Аргынбек Малабаев шайланган. Партиянын “аталык” милдети М.Шеримкуловко ыйгарылган. Эң кызыгы, бул бийликтин жаңы партиясы өлкөнүн саясый системасына кандай жаңылык менен чыгат? Азырынча белгисиз жана бүдөмүк. .

Менин оюмча, баягы эле эски схема: дүңү менен бюджетниктер кирет; парламенттик тизмеге нувориштер, кошелектор; анча-мынча дайыма жанталашып, любой саясый лазейканы издегендер…

“Саясый коктейлдин” ингредиенттери ушундай болот, бирок, көз боёмочулук жана манипуляция үчүн кичине “интернациональная окраска” (боёк) берип коюшат…

Жакынкы мезгилде коомчулук күткөндөй саясый айдың өзгөрүлбөйт. Бул чөйрөнү өзгөртүш  үчүн мамлекеттик башкаруу системаны жана саясый платформаларды түп-тамыры менен жаңы нукка буруш керек, б.а. улуттук пайдубалды бекемдеп, чиновниктерди каржылоо мамлекеттик бюджеттин 30 пайызынан ашпашы зарыл… Элдин саясый партияларга болгон кредиттик ишеними түгөндү. Бул көрүнүш бир гана бизде эле эмес, бүткүл дүйнө саясый кризиске дуушар болууда.

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:

– Мен азыр бийликтин кайсы партия менен парламентке аттана тургандыгын билбейт экенмин. Кандай болгон күндө да бийликке сунуш кылат элем, бизде дээрлик 2006-жылдан бери реформа токтогон. Айыл чарбасында, экономикада, менчиктештирүүдө да, туризм жаатында да эч кандай масштабдуу реформа жок. Анүчүн прогрессивдүү, центрист, Грузиядагыдай болбосо да Армениядагыдай реформа кыла турган, көз карашы тунук, жаңы муундагы мамлекетчил инсандан турган күч топтой ала турган болсо, бийлик утат. Азыр кыргыз экономикасы өтө артка кеткен. Инвестиция жок. Экономиканын бир да тармагында жылыш болбой турат. Ички иштер министрлигинде бир да тамчы реформанын караанын көрбөй турабыз. Ошондуктан Кыргызстанда экономиканы алдыга жылдыруу боюнча бир гана жол бар: ал жигердүү, масштабдуу кардиналдуу түрдөгү реформа. Ошондой күч келеби, же баягы эле саздан чыга албай жата беребизби?..

Феликс Кулов, коомдук ишмер:

– Азыркы учурда кайсы партия бийликтин партиясы болорун билбейм, мен үчүн белгисиз. Бийликтин партиясы болобу же болбойбу буда белгисиз. Мен ушу өңүттө “бийликтин партиясы болобу же болбойбу?” деп президентке ачык эле суроо бердим.  Ал мага “азырынча бул жөнүндө ойлонгонум жок, планымда жок” деди. Мен президентке терең ишенем, ал киши чын жүрөгүнөн айтты. Президент эгерде “ушул партия бийликти партиясы” деп көрсөтсө, анда сөзсүз баары “эми эмне болот?” дешет.

Менимче, азыр эртелик кылат. Эч ким эч нерсе көрсөтпөйт. Азыр “жаңы партия ачылды, ага президент көз салды” деп да айтыша элек. Бул жагдайда президент өзү да билбейт, кандай болорун. Бирок, ушул жаатта даярдыктар башталды. Пландарын гана алдыга, коомчулукка жар сала элек. Сыр катары болуп атат. Менимче, бу жылы эмес, кийинки жылы жаздын алгачкы айларында билинип калат.

Эркингүл Иманкожоева, ЖКнын 5-чакырылыштагы депутаты:

– Саясый “элита” бийликтин партиясы менен чыгуу далалатын жасап, алдын ала чуркай башташты. “Кандай болот, кайсы партия менен чыгаар экен?” деп аңдып турган мезгил. Бирок эл тараза – ким кандай иштегенин көрүп турат. “Шайлоонун алдында дагы элди алдап астына барам” деген кыска ой эми иш жүзүнө ашып кетишине күмөнүм бар. Бийликтин партиясы саясый жактан күчтүү, билим парасаты бийик, маданияты жогору, чыныгы эл үчүн иштей турган инсандардан куралышы керек. Ошондо кыргыз элинин өнүгүүсүнө кенен жол ачылат. Ошондо бийликтин партиясына эл ишеним артат.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: