Кечээ, 10-декабрда Бишкек шаарынын мэриясында элдик кошуундун мүчөлөрү октябрь айындагы окуялардагы эмгеги үчүн сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, мэрдин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев активдүү жарандык позициясы үчүн элдик кошуундун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, аларга ыраазычылык каттарын тапшырды.
Ошентип, Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары менен 23 жаран сыйланышты. Алар:
1. Зарылбеков Ильгиз Нурланович;
2. Усупов Ахмед Тилекович;
3. Жусубалиев Данияр Кудайбергенович;
4. Бекболиев Жазыбек Кенжеевич;
5.Ибрагимов Болот Адылбекович;
6. Батилов Болотбек Дженишович;
7. Арипжанов Алмазбек Замирбекович;
8. Абдыманапов Марс Абдыманапович;
9. Синельников Виталий Сергеевич;
10. Кожогулов Тилек Жорупбекович;
11. Ахмади Фердаус Тарин;
12. Тербишалиев Данияр Өмүрзакович;
13. Садыков Ильдар Вахидович;
14. Укушов Мирослав Муратович;
15. Искаков Тариель Мелисович;
16. Усупов Тилек Сабырович;
17. Байсариев Бакыт Темирбекович;
18. Асилбеков Азирет Ысманалиевич;
19. Жамалдинов Талгат Женишбекович;
20.Кадыркулова Дания Сарбагышевна;
21. Досалиева Айдай Баялиевна;
22. Жаныбекова Алтынай Жаныбековна;
23. Үскөнбаев Мухаммедали.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгынан кийин нааразычылык акциялар башталып, алар башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Бишкек шаарында талап-тоноолорду алдын алып, кырдаалды жөнгө салуу үчүн элдик кошуундар түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ