Menu

Өкмөт үйүнүн жанында Бозымчак кенин иштетүүчү “Казминералс” ишканасынын кызматкерлеринин митинги өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-декабрда Өкмөт үйүнүн жанында Бозымчак кенин иштетүүчү “Казминералс” ишканасынын кызматкерлеринин митинги өтүп жатат. Алар ишкананы жаппоону талап кылышууда.

Митингдин катышуучуларына ишкана 31-декабрдан тарта жабыла турганы кабарланган. Алар өкмөттөн компаниянын ишин улантууга уруксат берүүнү талап кылышууда.

“Учурда ишкана 6-августтан бери токтоп турат, эми бизге таптакыр жабылат деп айтышты”, – деди кызматкерлердин бири.

Митингге чыккандардын жалпы саны 200гө жакын ишкананын кызматкерлери. Алардын айтымында, комплекске жакын жайгашкан бир нече айылдын тургундарынын нааразычылыгынан улам ишкана иштебей турат. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген адамдардын Бозымчакта иштеп жаткандыгына карата агрессивдүү мамиле жасашууда.

Ошондой эле, алардын айтымында, компанияда миңге жакын адам иштейт. Ишкана жабык болгондуктан жумушсуз жана оокатсыз отурушат. Көптөгөн кызматкерлердин насыялары бар, алар ишкердиктин токтоп калгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүн камсыздай алышпай жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: