Россиянын Краснодар аймагында 32 жаштагы эркек киши 26 жаштагы сүйлөшкөн кызын жана анын 10 жаштагы инисинин өлүмүнө шектелип изделип жатат. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Акшин Гусейнов маркум кыздын жана анын инисинин жансыз денелеринин жанына туруп алып видеокайрылуу жасап, аны социалдык тармактарга жарыялаган. Видеотасмада Акшин Гусейнов сүйлөшкөн кызы көзүнө чөп салганын, аны ташташ кетүүнү каалап жүргөнүн жана кыздын кылыктарынан тажаганын айткан.
Ал кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин он жаштагы инисин да өлтүргөн. Баланы өлтүрөр алдында Гусейнов балакайдан эжеси ким сүйлөшүп жүргөнүн сурап, кыйнаган.
Укук коргоо органдары Акшин Гусейновду издеп жатышат, анын унаасы буга чейин Кара деңиздин жээгинен табылган.
«Я адекватный, я в себе». Парень убил свою девушку и её десятилетнего брата. За то, что она «е*ала мозги» и не разделяла его планы на будущее. Теперь он собирается узнать, что будет после смерти. Полиция Армавира уже нашла автомобиль мужчины, а теперь ищет и его владельца pic.twitter.com/napIBEBOgN
— Лента.ру (@lentaruofficial) December 11, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ