Menu

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк Өнөр-жай форумунун видеоконференциясына катышты

Бөлүшүү:

Кечээ. 11-декабрда КРнын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев КРнын Өнөр-жай палатасы менен Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар Союзу ортосундагы Кыргыз-Түрк Өнөр-жай форумунун түрк тарабынын мүчөлөрү-бизнесмендери менен видеоконференцияга катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев катышуучуларга Кыргызстандагы экономикалык кырдаал, өлкөбүздө инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар, анын алкагында КРнын Өкмөт жана Тышкы иштер министрилиги жетекчилеринин Бишкекте жана региондордо ишкерлер менен жолугушуулары жөнүндө маалымат берди. К.Өмүралиев түрк бизнесмендерин биздин өлкөнүн экономикасына активдүү инвестициялоого чакырган.

Жогоруда айтылган чаралардын практикалык кадамы катары К.Өмүралиев ишкерлердин ишмердүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган КРнын мамлекеттик мекемелери тарабынан бизнести текшерүүлөрүнүн дагы бир жылга – 2022-жылга чейин токтотулуусун белгилеген.

Ошондой эле түрк ишкерлери менен 2021-жылда КРнын Ыссык-Көл облусунда эки өлкөнүн бизнесмендеринин катышуусу менен Кыргыз-Түрк Бизнес-форумун өткөрүү маселеси талкууланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: