Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында UFC 256 турниринде бразилиялык Ренато Мойкано менен беттешип, каршылашын нокаутка учуратты.
Рафаэль Физиев биринчи раунддун акыркы мүнөтүндө нокаут менен жеңишке жеттишти. Бул менен кыргызстандык мушкер UFC уюмундагы үчүнчү жеңишине жетти.
“Мен эмне деп айтарымды да билбейм. Айта турганымдын барын октагондо көрсөттүм деп ойлойм”, – деди Физиев мушташтан кийин берген маегинде.
Белгилей кетсек, Физиев 28-ноябрда Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 184 мелдешинде Мойкано менен беттешмек. Бирок бразилиялык мушкер коронавирус илдетине чалдыгып, мушташ 12-декабрга жылдырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ