Түркмөнстанда Бейтараптык күнүнө карата камактагы 2082 кишиге, анын ичинде чет өлкөлүк төрт жаранга мунапыс берилди.
Ырайым алгандардын тизмеси жарыяланбагандыктан, азырынча алардын арасында саясий негиздер менен камалгандардын, абийир туткундарынын бар-жогу белгисиз.
Эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, Түркмөнстан жан башына эсептегенде чөлкөмдө камактагылар эң көп өлкө болуп эсептелет. Түркмөн бийлиги жыл сайын мамлекеттик жана мусулмандардын майрамдарына карата бир нече жолу абактагы адамдарга ырайым берип келет.
Түркмөнстан Эл аралык укук коргоо уюмдарынын чакырыктарына карабастан, 18 жыл мурда экс-президент Сапармурад Ниязовго кол салууга аракет кылуу айыбы менен соттолгон ондогон киши тууралуу эч кандай маалымат бербей келет. Мындан тышкары диний себептерден улам аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн эркинен ажыратылган жарандар жөнүндө да маалыматтар жок.
Ошол эле маалда Түркмөнстанда саясий негиздер менен камалгандарды изоляциялоо жана камактагы мөөнөтү аяктаганына карабастан эркиндикке чыгарбай кармоо тажрыйбасы уланууда. Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык коалиция түркмөн бийлиги саясий туткундардын жаза мөөнөтү аяктаса да аларды абактан чыгарууну каалабасын белгилеп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ