Menu

Кыргызстанда президенттик шайлоого катыша ала турган 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу бар

Бөлүшүү:

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоого жана 2021-жылдын 10-январына белгиленген референдумга катыша ала турган 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу бар. Бул тууралуу БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, бул 14-декабрга карата текшерүү баракчасынын маалыматтары.

Нуржан Шайлдабекова тизмеге өзгөртүүлөрдү 29-декабрга чейин киргизүүгө болорун тактады. Бул шайлоодо № 2 форма болбой тургандыгын, анын жоктугунан шайлоочулардын саны азайгандыгын белгиледи.  Эң көп шайлоочулардын саны Ош облусунда – 726 миң 311 адам.

Добуш берүүгө катыша турган чет өлкөлөрдө 35 575 адам каттоодо турат. Ошондой эле, Шайлдабекованын  айтымында № 2 форма чет өлкөлөрдө колдонулат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрда үгүт өнөктүгү башталды. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: