КРнын жарандарынын идентификациялык картасына – ID-картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Бул чечим КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген чечим КРнын Конституциясынын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.
КРнын Өкмөтүнүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ