Бүгүн, 15-декабрда, “Иска Строй” курулуш компаниясынын үлүш ээлери Жогорку соттун имаратына чогулушту. Беш жылдан ашуун убакыттан бери митингчилер компаниянын негиздөөчүсү Нарынбек Сариев менен соттошуп келишет.
Митингчилердин бири Гүлмира Оболбекованын айтымында, адамдар кыймылсыз мүлкүн курулуп жаткан үйдө, анын ичинде Ысык-Көлдө турак жайга алмаштырышкан Бирок, ушул күнгө чейин алардын ордуна эч нерсе ала элек.
“Биз Токомбаев көчөсүндө жайгашкан 10 кабаттуу имараттын батирлерин толугу менен төлөп бергенбиз, бирок аягында беш кабат гана курулган. Мунун бардыгы Нарынбек Сариев шайлоо өнөктүгүнө акча салгандыктан болду. Беш жыл мурун ал парламентке баргысы келген. Биз Сариевге каршы доо арыз менен кайрылдык. Беш жылдан бери жабыр тарткан 140 үлүш ээлери ижарага алынган батирлерде жашап келишкен. Ушул убакыт аралыгында бир нече адам нервтен улам көз жумган”, – деди Оболбекова.
Митингчилер кошумчалагандай, бүгүн соттук коллегия алардын арызын карашы керек болчу, бирок иш кийинкиге калтырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ