Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова БШКнын президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун каттоосунун мыйзамсыздыгы боюнча чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна доо арыз менен кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу Рита Карасартова билдирди.
Эске салсак, буга чейин бир нече талапкерлер БШК Садыр Жапаровду каттабашы керек деп билдиришкен. 9-декабрда БШКга келип түшкөн арызда, КРнын Конституциясынын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, КРнын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган кызмат адамы өзүнүн пассивдүү шайлоо укугунан айрылганы белгиленген. Натыйжада, Жапаров кезексиз президенттик шайлоодо талапкер болууга укугу жок.
Рита Карасартованын айтымында, эми Сооронкулова сот аркылуу Жапаровдун каттоосун жокко чыгарууну талап кылууга ниеттенүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ