Menu

Кадамжайда турак-үйлөргө кирип уурулук кылып жүргөн шектүүлөр кармалды. Алардын бири мурда оор кылмыш менен соттолуп чыккан

Бөлүшүү:

Кадамжайда батир уурулуктардын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын октябрь айларынан тарта Кадамжай районунун Халмион, Үч-Коргон, Алга, Орозбеков, Марказ айыл аймактарындагы жашоочулардын турак-үйлөрүнө белгисиз жарандар түн ичинде кирип, үйгө керектелүүчү буюмдарды, башкача айтканда батир уурулуктар болуп жаткандыгын билдирип жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан.

Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, уурулуктарды жасап жүргөн шектүүнүн бири Кадамжай районунун тургуну 41 жаштагы К.Т. өзү жашаган үйүнөн, ал эми анын шериги Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда оор берене менен соттолгон 33 жаштагы Т.И. Кызыл-Кыя шаар аймагынан аныкталып кармалган.

Кармалган шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда мурда уурдалган далил буюмдар аныкталып алынган.

Бул шектүүлөр 8 жолу батир уурулук жасашып, жабырлануучуларга жалпысынан 400 миң сомго жакын материалдык зыян келтирген. Ош, Ноокат, Жалалабад облусуна уурдалган буюмдарын саткандыгы аныкталып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө сатылган буюмдар кайтарылып алынган.

Азыркы күндө шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: