Бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишин кароону улантты.
Бирок, башкы айыпталуучу сот залына алынып келинген жок. Соттун катчысы отурумга Алмазбек Атамбаевден, Албек Ибраимовдон жана Аскарбек Шадиевден башкасынын бары келгенин айтты.
Ошондой эле, Атамбаев №47 колониядан УКМКнын СИЗОсуна которулганы белгилүү болду.
Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сот отурумун бир жумага жылдырууну суранган билдирүү жасаган. Бирок, медициналык маалымкаты жок болчу.
Буга чейин Атамбаев №47 түзөтүү колониясында отурган кезде тиешелүү документтер бар болгону, ал эми УКМКнын СИЗОсунда дарыгерлер жок экени айтылды.
Судья сот жараяны 23-декабрга жылдырылганын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин сот мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иштерин бириктирген. Бул иш Субихи Пархатиге байланыштуу. 2017-жылы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын сатканы үчүн андан 54 миллион сом алган. Ошондой эле Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине башка кылмыштар бириктирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ