Тажикстан президентинин тун уулу Рустами Эмомали Тажикстандын Футбол федерациясынын президенттигине кайрадан төрт жылдык мөөнөткө шайланды.
Ал Тажикстан Футбол федерациясын 2012-жылдан бери жетектеп келет. Рустами Душанбенин мэри жана Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын спикери.
Оппоненттер Рахмонду непотизмге айыптап келишет. Мамлекеттеги маанилүү постторду президенттин жакындары ээлеп турат. Тажикстан башчысы өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, күйөө баласы Шамсулло Сохибов вице-президенти.
Тажикстандын футбол боюнча курама командасы бир дагы жолу дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна жолдомо утуп алган эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ