Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Эркин Европа/Азаттык радиосунун армян кызматына маек берип, Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттер Армения үчүн ийгиликсиз болуп калганы үчүн жоопкерчилик аларын билдирди.
Ал ошол эле маалда өзүн утулуунун башкы күнөөкөрүмүн деп эсептебейт.
Пашинян анын саясаты согушка алып келип, натыйжада Тоолуу Карабактын жанындагы бардык райондор Азербайжанга өтүп, анын ичинде Карабактын өзүнүн бир бөлүгү да Бакунун көзөмөлүнө алынды деген ырастоолорду четке какты. Армения премьеринин билдиришинче, кайсы бир учурда объективдүү себептерден улам согуштан качуу мүмкүн эмес болуп калган.
Ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин жалгыз кабыл ала албастыгын, “консенсус” керек экенин белгиледи.
Ереванда оппозиция Пашиняндын отставкасын талап кылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чакырыгы менен митингдерге чыгууда. Демонстранттар Тоолуу Карабактагы утулуу үчүн өкмөт башчыны күнөөлөп жатышат.
Оппозиция 22-декабрда жалпы улуттук иш таштоо башталарын жарыялаган.
Пашинян кызматын тапшырууга ниети жок экенин айтууда. Анын парламентте көпчүлүктү түзгөн тарапташтары акыркы күндөрү мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү ыктымалдыгын талкуулоого даяр экенин билдирип жатышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ