Наманган шаарындагы жол кырсыгы. (ИИМдин басма сөз кызматынын сүрөтү)
16-декабрда Өзбекстандын Наманган шаарында жүк ташуучу Man автоунаасы Nexia жеңил унаасы менен сүзүшүп, жыйынтыгында алты киши каза болду.
Маалыматка караганда, 42 жаштагы айдоочу, анын 39 жаштагы жубайы, 10 жана 13 жаштагы балдары, 34 жаштагы жүргүнчү жана жети жашар баласы автоунаанын ичинде өрттөнүп кетишкен.
Бул факты боюнча «Жол коопсуздук эрежелерин жана транспорт каражатын колдонуу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ