Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөө боюнча кармоолор болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө керектөөлөр 4156, 0 млрд сом суммасын түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 %га каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат.
2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ