Ош облусунда 4 жашар бала оюнчук ышкырыкты жутуп алып, каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүмдүн үй-бүлөсү аны ооруканага алып келгенде, дарыгерлер ал буга чейин эле каза болуп калгандыгын айтышкан.
Бул маалыматты Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев тастыктады.
Анын айтымында, бул окуя кечээ, 17-декабрда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон.
“2016-жылы туулган бала үйдө ойноп жатып, кокустан ышкырыкты жутуп алган. Баланын жакындары өз алдынча жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон жок. Ал 20 мүнөттүн ичинде чарчап калган. Бул тууралуу маалымат бизге 17-декабрда саат 17:20 чамасында келди. Апасы жана башка туугандары баланы эс-учун жоготуп койду деп ооруканага алып келишкен. Бирок бала буга чейин эле чарчап калган. Чоң атасы, чоң энеси, ошондой эле апасы соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты. Каза болгон баланын атасы эмгек мигранты – ал Россияда жашайт”, – деди Аширбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ