Бүгүн, 18-декабрда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров кичи мекени Куршаб айылында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.
Анда куудул Рахман Разыков чогулган элдин алдына чыгып сүйлөп, ал Садыр Жапаровдун Жалал-Абад эли менен жолугушуусун көрүп жатып, Түндүк Кореянын президентинин аркасынан жүгүрүп жүргөн элди көргөндөй болгонун айтты.
“Эл эмне болуп калдык? Ушунчалык да деңгээл түшөбү? Адамдык сапат, уят, ар-намыс калбай калдыбы? Жинди болуп калган немедей аттын аркасынан чуркап жүргөндөрдү көрдүңөрбү? Же мен эле көрдүмбү?” – деп чогулган элге кайрылды.
“Мен айтып жатам, Мадумаровду Атамбаев же Жээнбеков түрмөгө камап койсо болмок экен. Азыр түрмөдө отургандардын абройу көтөрүлүп кетип, эл ошолордун аркасынан ээрчип жүрөт. Өкмөттү карагылачы, кимдер отурат? Өкмөттүн жарымы түрмөгө отуруп чыккандар, пара алгандар.. Биз каяка кетип баратабыз? Балдарыбызды эмне деп тарбиялашты билбей калдык. Ошон үчүн Адахан дагы түрмөгө жарым же бир жыл отуруп чыкса болчудай экен. Бүгүнкү талапка жооп берет эле” – деди Рахман Разыков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ