Menu

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына лицензия албай калышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия албай калышы мүмкүн.

6-декабрда Мария Коробицкая 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада чуркап өтүп, Олимпиада оюндарына лицензиялык нормативди (2 саат 29 мүнөт 30 секунд) аткарып, жолдомо утуп алган.

Маалым болгондой, бул марафондо трасса болжол менен 1,5 чакырымга кыска болгон. Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы Ташкенттеги эл аралык марафондун жыйынтыгы дүйнөлүк рейтингде эсепке алынбай тургандыгын жана олимпиадалык стандарт катары эсептелбей тургандыгын билдирди.

“Бизге бир катар спортчулардан 2019-жылдын декабрь айында алгач Рифат Арабачи жана Ридван Доган ченеген трасса эмес экен деген билдирүүлөр келип түштү. Отчеттордо трасса болжол менен 1,5 километрге кыскарганы айтылат », – деп тууралуу World Athletics’ке шилтеме берүү менен Беларуссиянын Жеңил атлетика федерациясы билдирет.

Ташкенттеги марафондо Олимпиада стандартын Коробицкая жана Өзбекстандан келген эки жөө күлүк гана аткарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: