Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан курал сатуучу дүкөндө чыккан өрттүн натыйжасында бир адам каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон адам “Таргет” дүкөнүнүн кызматкери, 1963-жылы туулган К.Б. болгон.
Өрттөн жабыркаган үч адам Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирилген. Алардын беттери жана колдору күйгөн.
Белгиленгендей, өрт саат 10:16да чыккан. Жеринде өрт өчүрүү тобу иш алып барган. Саат 11:27ге карата өрт толугу менен өчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ