Menu

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот иши уланууда.

Башкы айыпталуучу Атамбаев сот отурумуна алынып келинди. Аны менен кошо мамлекет башчысынын аппаратынын экс-башчысы Фарид Ниязов дагы бар.

Сот отурумунда адвокаттар сотту башка эки айыпталуучу – мурдагы депутат Аскарбек Шадиев жана баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовсуз баштай албай тургандыгын билдиришти. Ал эми, Алмазбек Атамбаев болсо суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Адвокат Сергей Слесарев сот процесстин башка катышуучуларысыз айыпталуучуну аныктай баштаса, сот мыйзамды бузат деп билдирди.

Мамлекеттик айыптоочулар Албек Ибраимовго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын бөлүп берүү өтүнүчүн келтиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин сот мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иштерин бириктирген. Бул иш Субихи Пархатиге байланыштуу. 2017-жылы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын сатканы үчүн андан 54 миллион сом алган. Ошондой эле Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине башка кылмыштар бириктирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: