Menu

Милиция Солтон-Сарыдагы алтын кенин белгисиз топ басып алганын ырастады

Бөлүшүү:

Нарын облустук милициясы Эмгекчил айылында белгисиз топ Солтон-Сары алтын кенин басып алганын  RFE/RL радиосунун кыргыз кызматына ырастады.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринен турган топ жөнөп кеткенин, толук маалымат 24-декабрда бериле турганын кабарлады.

Алтын кенин белгисиз адамдар басып алганын активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов 22-декабрда “Фейсбуктагы” баракчасында жарыялаган. Ал “кечки саат 16.00 чамасында Солтон-Сары жайлоосундагы алтындын запасы бар Көл-Төр жана Чолок-Төр тилкесин Эмгекчил айылынын 20 тургуну басып алды” деп жазган.

Ошондой эле бул адамдар жабылган штольняны (кенге алып барган жолу, кенге жер үстүнөн кирген жантайма жол) ачып кирип, өз билгенин кылып жатканын, ушу тапта алар алтындын запасын казууга киришкенин маалымдаган.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенин иштетүү укугу кыргыз-кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Бирок аны иштетүүгө жергиликтүү эл нааразы болуп, былтыр чыккан чыр-чатактан улам аталган компаниянын иши токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: