“Мугалимдерди жана тарбиячыларды Жапаров менен шайлоочулардын жолугушуусуна мажбурлап алып келишти” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы “Жалпы иш” коомдук фондунун 19-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Кара-Суу районундагы мектептердин мугалимдерин Ош шаарынын борбордук стадионунда шайлоочулар менен жолугушууга катышууга мажбурлаган деген кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүздү.
Кара-Суу районунун Ички иштер башкармалыгы бул кайрылууну маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.
Текшерүү учурунда З.Бабур атындагы мектебинин 4 мугалими менен маектешүү жүргүзүлүп, алар эч кандай мажбурлоо болбогонун, жолугушууга өз каалоолору менен барганын жазуу жүзүндө тастыкташкан.
“Аудиттин жыйынтыгы боюнча “Жалпы иш” коомдук фондунун жүйөлөрү ырасталган жок”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ