Menu

Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом кайтарып берди

Бөлүшүү:

Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлөт.

“Мен Матраимовдордун 2 миллиард сомун толугу менен кайтарып бергендигин айткым келет, 1 миллиард 400 миллион сому мамлекеттин эсебине келип түштү. Ошондой эле 600 миллион сомунун ордун кыймылсыз мүлк менен толтурду, тактап айтканда 9 батир жана бир соода борбору”, – деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай, Матраимовдун шериктери мамлекетке 53 миллион сом зыян келтирип, келтирилген чыгым толугу менен төлөнүп берилген.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошоткон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: