Menu

Баяхуновдун баскан изи таза эмес экен

Бөлүшүү:

КСДП фракциясынан мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаевдин ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Нурмахаммат Баяхуновдун баскан изи мандемдүү, колу “туткак” экени боюнча маалыматтар байма-бай жазылып, айтылууда. Көрсө бул эргул Ново-Покровка айыл өкмөтүн башкарып турганда, 81,5 гектар жерди социалдык турак-жай курууга берем деп 16 миллион сом алган экен. Айыл башчысы жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу келишимге кол коюп, Ново-Покровка айылдык администрациясынын атынан дүмүрчөк жазып берип, өз кол тамгасы менен бирге мөөр да баскан экен. Буга байланыштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы иликтөө жүргүзүп Баяхуновго “алдамчылык”, “документ жасоо” боюнча өткөн жылды кылмыш ишин козгоптур. Бирок негедир аягына чыгарган эмес. Сыягы, бул эргул “жеген” ашын жалгыз сиңире албасын билип, кимдир бирөөлөр менен бөлүшүп, КСДПнын тизмесин кирип, Жогорку Кеңешке талапкер боло койгон тура. Эми болсо, депутат болуп келди. Жогорудагы кылмыш иштерин жасаган эмесмин деп танып, сүттөн ак экенин айтууда. Мындайлар КСДПнын атына көө сүртүп жаманатты кылбаса, ийгилик жаратпайт. Бийлик сересиндеги КСДПнын эки тизгин, бир чылбырын чойгондор бул маселеге чекит койбосо болбойт.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: