Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБиси 1991-жылы туулган Халмурат уулу Курбанбекти издөөдө.
Маалыматтар боюнча, Курбанбек Сокулук айлынын Киров көчөсүндөгү үйүнөн 2019-жылдын 3-октябрь күнү чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Белгилер: бою – 166 см, арыкчырай, чачы кара, сакалы бар
Өзгөчө белгилер: психикалык жактан оорулуу
Кийими: көк түстөгү жинсы шымы, көк түстөгү куртка, кара түстөгү крассовка.
Көрүп-билгендер болсо: 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 телефондоруна кабарлап коюңуздар.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ